Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Володин кыргызстандык кесиптеши Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Андын сырткары Мамдума башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюу иш-чарасына катышат.


Мурдараак Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун келери кабарланган.

 

Маалыматка караганда, бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Валентина Матвиенконун Петербургда өткөнXXI эл аралык экономикалык форумдагы жолугушуусу маалында талкууланган.

 

Валентина Матвиенконун келиши КМШ өлкөлөрүнүн «Шериктештик балдары» аттуу эл аралык маданий-билим берүү форумун өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чара 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгине өтөт.