Бишкек, “Саясат.kg”.  Бул дартка беш жашка чейинки балдар абдан көп кабылып жатышат. Акыркы он күн ичинде эле Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 50 бейтап келип түштү. Мунун айынан орун дагы жетишпей, айрым сыркоолор коридорлорго чейин жатууга аргасыз.


- Ич өткөк оорусунун көбөйүшүнө жашылча-жемиштерди жуубай жегендик чоң себепкер болууда. Айрым мөмө-жемиштер эскирип кетсе деле сатылып жатпайбы. Мындай жашылчаны көбүнчө балдар байкабай жеп алып, ошондуктан, ич өткөк оорусуна катарынан чалдыгып жатышат, - деп тызылдады Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Айчүрөк Акжолова. 


Акыркы он күн ичинде ич өткөк оорусу менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылган бейтаптардын саны дагы абдан арбыды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна күнүнө ич өткөк оорусу менен он чакты бейтап кайрылууда. Дарыгерлер оорусу абдан өтүшүп келгендерге дары-дармек гана дайындашып, а жеңилдерине үй шартында дарыланууну сунуштап жатышат. 


- Ич өткөк оорусу жашылча-жеимштерди жуубай жегенден улам, анан организмде суюктук жетишпегенинен дагы пайда болот. Ошондуктан, ата-энелерге балдарга көбүрөөк суусундук ичирүүнү сунуштап жатабыз,- деди оштук үй-бүлөлүк дарыгер Санабар Насридинова.


Былтыр жашылча-жемиштердин эрте бышканына байланыштуу дартка чалдыккандардын саны азыркыга салыштырмалуу өтө арбын болгон. Бирок, оору менен 20 жаштан жогоркулар абдан көп жабыркашкан. Быйыл дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү 5 жашка чейинки балдар. Эске салсак, Ош шаары боюнча ушул жылдын алты айында ич өткөк оорусунан 500 бейтап дарыланып чыкты.


Алишер ТОКСОНБАЕВ