- Буга дейре Баткен районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын эли бир канча ирет облустук бийликке даттанышкан. Алар айылга таптакыр суу жетпей, эгин талаалары, бак-дарактары өтө бат куурап жаткандыгын айтып даттанышкан. Ошондуктан, маселенин чоо-жайын тиешелүү органдар дыкаат иликтеп, ага чекит коюу талабын тапшыргамын,- деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.


Тилекке каршы, тийиштүү жетекчилер берилген убакыттын ичинде айылга суу жеткире алышкан эмес. Ошондуктан, Абиш Халмурзаев ушул жылдын 23-июнь күнү таңкы саат 6.00дө Чоң -Талаа айылында атайын штаб өткөрүп, суунун жоктугун өзү дагы тастыктаган. Ошондуктан, Чоң-Талаа айылына келүүчү суунун башындагы айылдардын элинин сууну максатсыз пайдаланып жаткан учурларын жөнгө салуу, сууну туура жана үнөмдүү пайдалануу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү, айылга жетиштүү деңгээлде суу жеткирүүнү тиешелүү жетекчилерге катуу табыштап, ал эми суу пайдалануудагы тартипти камсыз кылууда аймактык милициялар менен кошо иш алып баруу тапшырмасын катуу койгон.


Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Бердалиев Төрт-Күл жана Дара айыл өкмөттөрүнө керектелүүчү 2,5 миң куб суунун ордуна 4,5 миң куб суу берилип жаткандыгын билдирди. Бирок, суу пайдалануучулар ассоциациясы сууну бөлүштүрүү боюнча жумушту жетиштүү деңгээлде аткарбай жаткандыгын жана элдин тартипсиздигинен, өз алдынча ар бир жаран сууну буруп алып, сарамжалсыз пайдаланып жаткандыгынан улам суу таңкыстыгы маселеси жаралып жаткандыгын дагы баса белгиледи.


Ошентип, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевдин жеринде өткөргөн штабдан кийин эле, бир айдан бери келбей жаткан суу ушунчалык ыкчам, мындайча айтканда. бир сааттын ичинде районунун Чоң-Талаа айылына жеткирилди. Ошентип, Чоң-Талаа айылына 700 куб суунун ордуна 1,2 миң куб суу берилип, эгин талаалары бүт суу менен камсыз этилди. Айтмакчы, аталган айылда  856 гектар айдоо жери бар, анын 120 гектары өрүк жана жүзүм бактары.