Бул жөнүндө Ош облустук китепканасынын Кыргызстандагы Американын элчилигинин колдоосу менен уюштурган “Китеп кербени” программасын жыйынтыктоо аземинде ачыкталды.

 

Ушул жылдын 23- майында Ош облусунун бир нече аймактарында китеп окуу дүйнө таануунун негизги каражаты экенин ачып беруу максатында Китеп кербени сапар алган эле. Мындай иш-чара китепкананын алдындагы Америка бурчу бөлүмү тарабынан 3 жылдан бери уюштурулуп келатат. Мунун менен катар Америка бурчу эки жылдан бери 50 окуучуга  акысыз билим берген.  Кечеде АКШнын кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни сөз сүйлөп, окууну аяктаган окуучуларга англис тилин мыкты үйрөнгөндүгүн тастыктаган сертификаттарды дагы тапшырды.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы,

Булак: «Майдан. kg» гезити