Андан кийим-кече, азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди табууга болот. Булар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гана акысыз берилет.

 

Айтмакчы, бул кайрымдуулук дүкөнүн ачууну 10 адам ишке ашырды. Мындан тышкары Ак-Тилек аймактык кеңешинин өкүлдөрү өз ыктыяры менен 100 миң сом чогултушкан.

- Ар айдын 15инде 50 адамга жардам берүүнү чечтик. Иш-чара “Ыйман, адеп, маданият” жылынын алкагында уюштурулду. Бул аркылуу ынтымактуулукту, жакындыкты кайрымдуулукту, бир туугандыкты бири-бирибизге жеткирүү, – дейт Ак-Тилек аймактык кеңешинин төрайымы Нурила Кочкорбаева.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити