- Үч кабаттуу, 90 батирлүү бул  үйдө жашоо үчүн керек болгон бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Заман талабына ылайык сапаттуу бүткөрүлгөн турак үйдүн алдына балдар ойноочу аянтча дагы курулган. Баса, мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан бул үйдүн курулушунун ушул тапта дээрлик 95 пайызы аяктап, айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу гана жумуштары жүрүүдө. Көп кабаттуу турак үй Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын аймагынын 7.5 гектар жер аянтына курулду, - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Мийзияевдин айтымында, бул турак үйгө жакынкы аралыкта Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жайгаштырылмакчы. Мындан сырткары ушул тапта Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында дагы аскер кызматкерлери үчүн  20 батирлүү турак үйдүн курулушу аяктады.

 

Эске салчу жагдай: өткөн жылы Лейлек районундагы аскер кызматкерлери үчүн 16 батирлүү турак үй пайдаланууга тапшырылган.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити