Элчи айым Шейла Гуолтни Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлүн жана жалпы эле Баткен элин ыйык Орозо айы менен кызуу куттуктап, мындан 17 жыл мурда Баткенге иш сапары менен келгендигин, андан бери аймак ар тараптан өнүккөнүн көрүп кубангандыгын жашырган жок. Ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүү боюнча приоритеттүү багыттарга лагы абдан кызыкты.

 

- Сиз бул кызматка келгенге чейин деле кыргыз-америка мамилелеринин жакшырышына жана  эки тараптуу өнүгүнүнө салымыңызды кошконсуз. Ошондой эле  25 жылдык тарыхы бар Кыргызстан менен  АКШнын эки тараптуу кызматташуусу мындан ары дагы активдүү уланаарына терең ишенэем, - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Абиш Халмурзаев. - Ошондой эле кен байлыктарга бай жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүргөн облуста кайра иштетүү багытында инвесторлорго зор мүмкүнчүлүктөр бар. Муну менен катар Кыргызстан  Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери аймакта өндүрүлгөн продукцияны сыртка экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, башка өлкөлөр менен соода алакасын чыңдоо багытында жумуштар жакшы жолдо баратат.

 

Жолугушуу  соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча тыгыз байланышта иш алып баруу боюнча макулдашышты.

 

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити