Обид Асомовдун катышуусундагы “Күлүү шарт” юмордук шоусу Milliy TV телеканалында 24-июнда чыгат. Бул анын чыгармачылыктагы узак убакыт тыныгуудан кийинки алгачкы автордук берүүсү болуп эсептелет.

 

54 жаштагы куудул Обид Aсомовго он жылдан бери сахнага чыгууга тымызын тыюу салынып келген. Ал Орусиядагы “Кривое зеркало” сатиралык сериалына катышкандан кийин өзгөчө популярдуулукка жетишкен. Бирок бул берүүдөн кийин ал өзбек телеканалдарынан чыкпай калган. Асомов муну Орусиядагы өзбек мигранттарын тамашалаганы менен байланыштырат.