Россиянын Мамдумасындагы коргонуу комитетинин башчысы Владимир Шамановдун Сирия боюнча айтканы россиялык басылмаларда жарыяланды. Ал мониторинг үчүн Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп атканын айткан.
Айтымында, аталган эки өлкөнүн расмий бийлиги менен сүйлөшүү жүрүүдө, бирок, чечим кабыл алына элек. Ал Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Россия, Иран, Түркия өз ара меморандумга кол коюшканын эске салган.