Орусиялык басылмалардын жазганына караганда, Москва шаарындагы кафенин официантын кыргызстандык бычактаган.
Маалыматка караганда, шектүү маркум кызга үйлөнүүнү каалаган, бирок, кыз ага турмушка чыгууга макул болбой койгон.
1984-жылы туулган кыргызстандык менен 1989-жылкы москвалык кыз окуядан аз убакыт мурда соцтармак аркылуу таанышышкан.
22-июнда Машкова көчөсүндөгү кафелердин биринде киши официанткага бычак менен тап берип, денесине сайгылаган. Эксперттер денеден бычактын 9 изин табышкан. Тез жардам келгиче кыз каза тапкан.