РИА Новостинин маалыматына караганда, канализация коллекторунда каза тапкан беш жарандын экөөсү Кыргызстандын жарандары.

 

Басылма жазгандай, жума күнү маркумдар туугандарына көрсөтүлүп, өздүгү тастыкталат.

 

Эске салсак, бейшемби күнү Боженко көчөсүндөгү канализация жапкычында беш кишинин жансыз денеси табылган. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, алардын экөө Кыргызстандын, экөөсү Украинанын жана бирөөсү Россиянын жарандары.