Жогорку Кеңештин жыйынында, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары кечээ, 21-июнда пленардык жыйынга БШКнын төрайымы баш болгон бир катар өкүлдөрүн чакырып, акыркы убакта чыгарып аткан токтомдору тууралуу маалымат алууну айтышкан. Маселе күн тартибине киргизилген.

 

Бирок, кечээ БШК өкүлдөрү депутаттар менен жолугушкан эмес.

 

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: «Күзүндө өтчү президенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чечүүчү шайлоо. Ошондуктан, БШКнын төрайымын алып келип, чыгарган токтомдору боюнча маалымат алуудан ашкан маселе барбы?» - деди.

 

Спикер Чыныбай Турсунбеков күнөөнү депутаттарга оодара салды.

 

«Кечээ саат кечки алтыдан кийин БШК өкүлдөрү келишкен. Бирок, депутаттар кетип калгандыктан, кворум болбоду. Алар шайлоо жакындап, ишибиз көп, күн сайын парламентти айланчыктап жүрө бербейли. Бир жума бизди убара кылбай тургула деди», - деди спикер.

 

«Күн тартибинин аягына койсоңор ошондой болот да. Анда, БШК качып атат деп эле коелу. Ыңгайсыз суроолор болот дешти да. Силер аларды калкалап атасыңар», - деп ачууланды Шыкмаматов.

 

«Кетип калсаңар ошондой болот, өзүңөрдөн көргүлө», - деп спикер кебелбеди.

 

Депутат Аида Салянова кечээ алтыдан кийин да парламентте болгонун, бирок, БШК келбегенин белгиледи.

 

«Мен ушул жерде отурдум. БШК келген жок. Саат алтыга чукулдап калганда, кворум болбойт, БШКны карай алмак эмеспиз. Ошондуктан, келишти деп айтпаңыз. Макул, кечээ болбой калыптыр, эмнеге бүгүнкүгө ал маселени койбодук?» - деди Салянова.

 

 

Анын суроосуна спикер жооп бере албады.