Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин негизиндеги сот процесси уланууда.
Бүгүн сот отурумуна экс-президент Роза Отунбаева да келди.
Роза Отунбаева сотко: «Урматтуу сот, мен дагы президент болгом. Эмнеге сөз сүйлөөгө укугум жок болушу керек? Мен сизге урматым менен кайрылам: сот отуруму калыс өтүшү керек. Бирок, бул отурум калыс болбой атат. Бул күндөр да өтөт. Эки тарапты угуп, акыйкат чечим кабыл алгыла», - деп кайрылды.
Эске салсак, Текебаев менен Чотонов «Мегаком» компаниясын сатуу боюнча орус ишкеринен ири суммадагы акча алган деп айыпталууда.