«Ак Кеме» мейманканасынын коопсуздук кызматынын башчысы өзүн начар сезгендиктен, Тез жардам чакырылды. Аны дарыгерлер кардиологияга жүрөк пристубу менен алып кетишти.

 

Бул тууралуу аталган мейманкананын жетекчиси Руслан Сарымсаков билдирди.

 

Айтымында, мейманкананы басуу учурунда 58 жаштагы кызматкер Сраждин Ормонов имараттын ичинде болгон.

 

 2016-жылдын күз мезгилинде «Ак Кемени» сатуу боюнча экинчи жолу аукцион өтүп, максатына жетпегендиктен, мейманкана аталган фонддун балансына өткөрүлгөн.