Эске салсак, «Ак Кеме» мейманканасын рейдерлик жол менен тартып алуу болуп атат деген маалымат тараган.

 

 Мамлекеттик мүлктөрдү Башкаруу фондунун билдирүүсүнө караганда, аталган мейманкананы өз балансына алууга февралда өкмөт чечим чыгарган. Андан бери фонд он жолу мейманкананын жетекчилигине расмий кайрылып, бошотууну суранышкан. Бирок, жетекчилери суранычты аткарышпаган.

 

«Мамлекеттик мүлктү сактоо максатында биз акыркы кадамга бардык. Учурда мейманкана өткөрүүп алынып атат. Ижарачылар иштей беришет. Мейманкана да мурдагы режимде иштөөсүн улантат», - деди депутат.

 

2016-жылдын күз мезгилинде «Ак Кемени» сатуу боюнча экинчи жолу аукцион өтүп, максатына жетпегендиктен, мейманкана аталган фонддун балансына өкөрүлгөн.