Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков: «Мыйзамдолбоорлорун киргизип, жакшылыктуу көңүл бурбай коесуңар. Анан каралбай калса башка бирөөнү күнөөлөйсүңөр. Эл билип турат депутаттар өздөрү күнөөлүү экенин», -деди.
Эске салсак, кечээ жыйында депутат Аида Салянова өзү демилгелеген эки мыйзамдолбоорун күн тартибине спикер атайын киргизбей атканын айтып чыккан.
Депутаттын мыйзамдолбоорлорун бүгүнкү жыйында кароого калтырган спикер Салянованын нааразычылыгына: Бир эле сиздин эмес, башка депутаттар көтөргөн да маселелер маанилүү», - дегендей кыйыткан.