Депутаттар мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоого алышты.
Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттен төрөлгөн ымыркай үчүн ата-энесине бир жолу сүйүнчү иретинде акча берилет. Ошондой эле бала 3 жашка чыккыча ай сайын акча төлөнөт. Бул 3төн 14 жашка чейинки үч же андан ашык балдары бар үй-бүлөлөргө тийиштүү.