Экс-депутат, мародерчулукка айыпталып аткан Райхан Төлөгөновдун акыбалы оордоп, №47 түзөтүү колониясынын ооруканасына которулганын уулу Иса Төлөгөнов билдирди.

 

Экс-депутат буга чейин УКМКнын абагында кармалган.

 

Уулунун айтымында, андан залалдуу шишик дарты табылган.

 

Бирок, акыбалы начар экенине карабай УКМКнын кызматкерлери кайра абакка которушкан.

 

Райхан Төлөгөнов 2010-жылдагы мародерчулукка шектелип, кармалган.