Мындай пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

Айтымында, Жогорку соттун судьясы болу үчүн мурда 10 жылдык юридикалык стаж менен сот тармагында беш жылдан кем эмес убакыт иштөөсү да талап кылынчу. А Жогорку Кеңеш бул талапты жокко чыгарган.

 

«Биз өз колубуз менен сот системасынын түбүнө жетип атабыз. Юридикалык стажы менен эле киши кантип Жогорку сотто-акыркы инстанцияда иштей алсын», - деди Шыкмаматов.