Буга чейин эсиңиздерде болсо, КТРКда “Аалам сырлары” деген аталышта өздөрүн бүбү-бакшы, көзү ачык эсептеген адамдардын таймашы өткөрүлүп, чоң ызы-чуудан кийин жабылган эле. Программанын жетекчилиги катышуучулардын биринин жеңишин камсыз кылуу максатында ири каражат сураганы жана ага жеңилдик катары тапшырмалар алдын-ала жандырмагы менен кабарланып турганы айтылган. Орусиянын ТНТ телеканалындагы популярдуу берүүнү туурап чыгуу аракети ошону менен токтогон. Эми, мына ошол жалпы Исламга жат нерселерди даңазалаган шайтан берүү телеэкраныбызга кайтып келүү этабында экен. Теле алып баруучу Назира Айтбекова эми НТС телеканалында бул берүү “Көзү ачыктар таймашы” деп атын өзгөртүп, пайда болорун сүйүнчүлөдү. “Мурун берүүгө КТРК мамлекеттик канал болгондуктан эле каршы чыгышкан. Мен ойлойм, бул сапарда деле каршы чыккандар болот. НТС жеке канал болгондуктан, мындай нерселер каналга көп деле кесепетин тийгизбейт. Анткени, жеке канал кандай берүү чыгарса да өз эрки”,- дейт тележылдыз. Бирок, “жеке менчик телеканал, өз эрки” деп эле көпчүлүк элге жакпаган, табитин бузган шайтан берүүлөрдү чыгарса эле булардын рейтинги көтөрүлүп кетмек беле!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.