Ушул жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясы кайрылуу жасады. Анда, талапкерлер жана саясий партияларды убагынан эрте үгүт иштерине барбоого чакырды.
Ошондой эле, үгүт иштерин ММКларда жайылтууга мыйзамда атайын жоопкерчилик каралганын эскертти.
Маалыматка караганда, үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда саат 08:00дө токтотулат.