Элдик дарыгер, айыккыс дарттарга даба тапкан, көп элдин сообуна калып, онтогон ооруудан айыктырган Күлүйпа эже менен жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы жана аялдар көп кабылып жаткан жатын рагы, жатындын түшүп кетиши жана анын кесепеттери, кант диабетинин себептери тууралуу сүйлөштүк.

 

“Жатындагы дарт эмчекке да сөзсүз терс таасирин тийгизет”

 

- Акыркы мезгилде аялдар көп кабылып, жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы көпчүлүк учурда чоочутуп алуудан, байкабай турганда муздак суу тийгенден, же болбосо бир нерсеге катуу уруп алгандан, ошондой эле төрөгөн соң мастопатияга кабылгандан пайда болот. Аялдар мастопатиядан сак болушу эп, дарыланган менен бул дарт  убакыттын өтүшү менен эмчектин рагына кабылтат. Башкача айтканда, мастопатия эмчек рагын чакырат. Эмчекти чоңойтуу үчүн салынган силикон да ракты пайда кылат. Ошондой эле эмчектин рагынын жайылып баратышына эмчек менен жатындын бири-бири менен тыгыз байланышта болгону да себеп болуп жатат. Айтайын дегеним, жатында маселе болсо, эмчекте да сөзсүз маселе жаралат. Демек, жатында маселе жаралса, эмчек ооруйт. Эмчекте маселе болсо жатын ооруйт. Аял төрөгөндөн кийин баласын узакка эмгизсе, жатын жакшы жыйрылып, мурдагы калыбына келет. Эгер аялдар эмчегинин формасын сакташ үчүн же дагы бир шылтоону айтып, баланы жасалма тамактандырууга көндүрүп алса, жатын баштагы калыбына келбей калат. Жыйрылбай калган жатын  убакыттын өтүшү менен түрдүү дарттарга чалдыгат.

 

“Эмчектеги сүттү кайтаруучу дарылар өтө зыян”

 

- Эмчек рагынын көбөйүшүнө аялдардын сүттү жок кылчу дарыларды колдонгону да себеп болуп жатат. Башкача айтканда, эмчектин сүтүн тартуучу же сүттү качыруучу дары эмчектеги ракты пайда кылат. Ал дарылар эмчектеги сүттү жок кылбайт. Дарыларды ичкен күндө да эмчектеги сүт бир канча жолу ирип, ал эмчекке зыян алып келет.  Өкүнүчтүүсү, сүттү келтирбей, эмчектеги сүттү жок кылаары айтылып келген медициналык дарылар эмчек рагынын пайда болушуна шарт түзөт. Аны бардык эле аялзат биле бербейт, атүгүл медиктер да ал дарылардын пайдасынан да зыяны көп болоорун билбейт. Ошондой эле эмчекке салынган силикон дагы эмчек рагына кабылтат. 

 

“Көңүлдөш күтүүдөн да эмчек жабыркайт”

 

- Эмчек аял менен эркек бири-бирин төшөктө алмаштыргандан да жабыркайт. Айтайын дегеним, аялы же күйөөсү бири-бирин башкаларга алмаштырганда жатын байкалбаганы менен жабыркайт. Себеби, жатын өтө сезимтал болот. Ал сезгенип калат да, жатын инфекциядан жабыркайт. Сезгенүү байкалбаганы менен күчөп отуруп, эмчекти жабыркатат. Аны этибар албай жүрө берсе, канга өтүп, эмчекти эле эмес, башка да органды жабыркатып, жыйынтыгы ракка чалдыктырат. Ошон үчүн адам өзүн-өзү сыйласа, таза үй-бүлө курам десе, кимиси болбосун ала жипти аттабашы керек. Баса, кыз-келиндердин бойдон алдыруусу дагы эмчек рагын чакырат. Себеби, жогоруда айткандай жатын сезгенип калганда эмчек түрдүү дарттарга кабылат. Бойдон алдыруу көп болгон үчүн  эмчек рагы да жылдан жылга жашарып, айрыкча кыз-келиндер кабыла баштаганы өкүнтөт.

  

“Бюстгальтерди туура тандоо кажет”

 

- Дагы бир эмчек рагынын жашарышына шарт түзүп жаткан нерселердин бири - туура эмес тандалган бюстгальтер. “Эмчегимди чоң көрсөтөм, жарашыктуу кылам”- деген ой менен көп аялзаты, башкача айтканда жаш кыз-келиндер синтетикадан турган калың паралону бар ич кийимдерди кийишет. Мына ошол синтетика денеге аба өткөрбөй эмчекти  жогорку температурдагы ыссыкка кабылтып,  эмчек рагынын пайда болушуна, рак клеткаларынын ойгонушуна шарт түзүп жатат. Мына ошол синтетика ич кийимдер эмчек рагын эле эмес, жатындагы түрдүү дарттардын өрчүшүнө, жаман ооруулардын күч алышына шарт түзүп жатат. Ошондуктан, аял болобу, эркек болобу ич кийимди туура тандап, синтетика эмес, натуралдуу материалдарга басым коюшу керек. Болбосо, жаман дарттарга күтүлбөгөн жерден кабылып калышы толук мүмкүн.

 

“Жатындын түшүп кетүүсү – коркунучтуу симптом”

 

- Жатын рагы жатын сезгенгенден жана жатынга кирген инфекциядан, жатын түшүп кеткенден пайда болот. Башкача айтканда, жатын түшүп кеткенде табарсыкты басып калат. Аялдардын аялуу жерине ысыкка окшогон майда  кызыл  нерселер чыга баштайт. Ал жүрүп отуруп, эрозияга айланат. Жатын туюк болгондуктан, жатындын ичиндеги жаралар кыска убакытта өсүп кетип, жатын рагына кабылтат. Ошондуктан, аялдар “жатының түшүп калды” дегенде маани бербей жүрө бербей, көтөрткөнгө аракет кылышы керек. Болбосо,  түшүп кеткен жатындын  кесепети көп: жаман, айыккыс дарттардын башаты болуп калышы толук мүмкүн. Себеби, көптөгөн жаман ооруулардын башаты ушул жатын түшүүдөн башталат.

 

Жатын түшүп калганда  аялдар айызы келээр маалда жана келген учурда бели, табарсыгы, трубалары  абдан катуу ооруйт. Көпчүлүк учурда медиктер анын неге ооруп жатканын так аныктабай туруп, “суук тийгизип алгансың”- деп антибиотиктерди бере беришет.

 

Жатынды көтөртпөй төрөсө, баланын башында шишик пайда болот”

 

- Ал эми элдик медицинада жатынды дары-дармексиз эле ордуна келтирип, көтөрүп, баштапкы калыбына келтирип койсо болот. Жатын баштапкы ордуна келгенде эки бөйрөк дагы, ашказан да көтөрүлүп, аялдар жанын кыйнаган 50 пайыз дартынан сакаят. Элдик дарыгерлик тажрыйбамдан улам, жатынын түшүрүп алгандар төрөй албай бала жытына зар болгондорун билем. Себеби, жатын түшкөндө шейканын оозу буралып калат. Бул учурда да аялдын бойдо болушуна жана боюнда болсо да жатыны ылдый болуп, баласын тогуз ай көтөрүшүнө кыйынчылык жаралат.

 

Апасынын жатыны ылдый болуп төрөлгөн балдардын башында сөзсүз маселе болот. Башкача айтканда, баланын башы ылдый түшкөн жатынга тийе берип, бал төрөлгөндө эле башында шишиги же гемотомасы бар болуп төрөлөт. Эгер дени сак бала төрөйм десе, энелер өздөрү кайдыгер болбой жатынын көтөртүп алса, келечектеги баласын да азапка салган дарттан сактайт.

 

 

Чынайым Кутманалиева

P.S. Кимде-ким элдик дарыгер, дарттарды мыкты аныктаган кыл тамырчы Күлүйпа эжеге байланышып, ден соолугумчу чыңдайм, жанымды кыйнаган дарттан арылам десе, 0556 75-75 -84, 0707 85-69-40  номерлерине байланышса болот.