Эрезеге жете элек уул-кыздарды мажбурлап жумушка чегерүү Кыргызстандан бардык булуң-бурчунда акыркы жылдарда чындап эле кадыресе көрүнүшкө айланды. Ошон үчүн чукул арада токтоосуз түрдө ата-энелердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын нукура жоопкерчилигин аеосуз түрдө катаалдатуу абзел! Ош шаарында бул маселени төгөрөк үстөлдө орой-чарай олтурушуп, маңдай-тескей талкуулашкандар дал ушундай бүтүмгө токтолуп, анан тарашты.

 

Зейнеп ЭШМУРАТОВА, “Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” борборунун башчысы: - Ош шаарында жана Кара-Суу районунда ырааттуу түрдө иш жүргүздүк. Натыйжада бул аймактарда балдар абдан оор жумуштарга чегерилгендигинге биротоло ынандык. Ичибиз абдан ачышты, эй! Мындай аракетибизди эми мындан ары Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында дагы ырааттуу түрдө улантмакчыбыз. Биздин баамыбызда, район-шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүндө балдар менен туруктуу иштеген инспекциялар бар. Тилекке каршы, алардын дал бүгүнкү көңүлкош аракети таптакыр чеке жылытпайт! Дал ушунун кесепетинен өспүрүмдөр туташ сабатсыздыкка гана кептелишип, биргезде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов канкакшагандай, тегиз маңкуртка айланып баратышат. Эгерде буга эмитен чекит койбосок, анын азабын өзүбүз эле куп тартабыз, эй!

 

Айжан КУЛАНОВА, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары: - Жалпыга маалым. Ата-энелердин басымдуулугу чет өлкөлөрдө көртиричилик үчүн тентип иштеп жүрүшөт. А балдары чоң ата-энелеринин, же тууган-уруктарынын гана колунда калышты. Анан буларда каяктагы тарбия, кайдагы окуу? Азабын биз, мугалимдер, эле моминтип тартып жатабыз. Мен дагы ата-энелердин жоопкерчилигин мыйзам чегинде күчөткөндөрдү каалагандардын тарапкеримин! 

 

Махмуд ВАХАПОВ, Ош аймактык экотехинспекциясынын өкүлү: - Соңку жылдарда Ош шана Кара-Суу шаарларындагы эң ири базарларда жалаң оор жумуштарды аткарышкан өспүрүмдөрдүн катары абдан эле калыңдады. Биз аларды мындай ишке мажбурлагандарга эскертүү берүү менен гана чектелип келатабыз. Мыйзам чегинде башка кыймыл-аракеттерди жасаганга биздин эч кандай укугубуз жок! А ашынган байлар “Балдарды иштегенге гана көндүрүп жана тарбиялап жатабыз!” деп кайра бизди шылдыңдап жатышпайбы.

 

Света ИБРАЕВА, Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы: - Биз акыркы жылдарда балдар кулчулугуна өңчөй гана мугалимдердерди катарынан айыптаганга бекем ыктадык. Алардын, чындыгында, бул жерде кымындай күнөөсү жок! Ошондуктан, ата-энелердин балдар үчүн жоопкерчилигин мындан ары өтө катаалдатуу абзел! Аларды ата-энелик укугунан ажыратуу менен гана чектелүүнүн кажети жок. Мындай ыкма эзели маселе чечпейт! Керек болсо, мыйзам чегинде ата-энелерге башка дагы катаал жазаларды көрүүбүз кажет! Анткени, мындай чечим башкаларга дагы сөзсүз сабак болуусу ыктымал!

 

Гүлсана ЭСЕНБАЕВА, коомдук ишмер: - Мына, жайкы каникул башталды. Балдарыбыз адамча эс алуунун ордуна ар кимдин кышын куюп жүрүшөт. Анан таштанды полигондоруна баш баксаңар, эң эле оор жумуштарды жалаң балтыры ката элек балдар гана аткарып жатышат. Буларды эмне укук коргоо органдары билишпейт дейсиңерби? Албетте, бизден жакшы билишет. Болгону көздөрүн жуумп олтурушат. А отчетко келгенде, калпты ышкыртышып, кагаз жүзүндө жалган маалыматтарды токуп таратышып, коомчулуктун көзүн боеп келатышат. Ошондуктан, мындай көз боегон аткаминерлерди бийликтен дароо айдап, а түгүл башка дагы катаал чараларды дагы көрүүбүз кажет!

 

Жылдыз ПОЛОТОВА, эмгек жана соиалдык өнүгүү министринин орун басары: - Балдардын кулчулугу ушул тапта жеке эле Кыргызстанда гана эмес, бүтүн дүйнө жүзүнүн башын ооруткан көйгөйгө айланып баратат. Ошондуктан, улуттук мыйзамдарыбызды эл аралык милдеттенмелерибизге жараша заманбап жагына өзгөртүп келатабыз. Буга улай балдар кулчулугуна карата таакай мониторинг жүргүзүүнү ого бетер күчөттүк. Эми мындай жосунсуз жоруктарды жасагандарга жана жол койгондорго дагы жазаны ашкере катаалдатабыз! Антпесек, жеңил-желпи жаза ишти бүлүндүргөндөн башкара жарабайт экен!

 

Алина КУРБАНОВА, Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандыгы өкүлү: - Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда окуучулардын 32,9 пайызы кара жумушка катарынан чегерилет экен. А булардын 95 пайызы өтө оор иштерге тартылышат. Албетте, абдан өкүнүчтүү жана аянычтуу! Анткени, болочогубузду түзгөн муундун саламатчылыгына орду толгус зыян келтирип, аларды жаркын келечегинен биротоло айрып, анан тагдырына балта чаап жатабыз! Ошону үчүн бул өңүттө Кыргыз Өкмөтү катыра иштеп, балддар кулчулугун азайтмак түгүл, аны биротоло жок кылганга жетишүүсү кажет!

 

ххх

 

Деген менен бул өңүттөгү серепчилер деле жергиликтүү бийлик органдары статистика менен гана чектелип, кулчулукка кабылган балдар менен үзгүлтүксүз иштешүү тартиби таптакыр жоктугун баса белгилешти.

 

- Кыргызстанда мамлекеттик көзөмөл жана камкордук бул өңүттө дээрлик жок десем жаңылышпаймын! – деп чырылдады серепчи Асылбек Чекиров. -  Кыргызстанда, чындыгында, ар бир бала эртелеп эле эксплуатацияланат! Мындайча айтканда, 14-15 жашынан кара жумуштарга сөзсүз түрдө чегерилет. Айрыкча уул балдар жаштайынан иштин азабын куп эле тартышат. Анткени, өлкөбүздүн түштүк жергесинде пахта жана тамеки плантацияларында жалаң гана окуучулар эмгектенишет. Буларды көрсөк дагы көрмөксөнбүз. Бул, биринчиден, балдардын дене түзүлүшүнө куп кесепетин тийгизет! Экинчиден, туташ сабатсыздыкка гана түртөт. Үчүнчүдөн, болочокто жоопкерчиликсиз муундун гана калыптанышын шарттайт.

 

Ошентип, Ош шаарында уюштурулган төгөрөк үстөлдө республикабыздын булуң-бурчунан чогулуп, Кыргызстандагы балдар кулчулугун бетме-бет жана кең-кесири талкуулашкан коомдук уюмдардын, эл аралык жана жергиликтүү органдардын белдүү өкүлдөрү мамлекет жетекчилигине балдар кулчулугун токтоотуну суранган Кайрылуу жолдошту. Бул өтүнүч канчалык деңгээлде аткарылат? Ал жөнүндө өзүнчө кеп кылмакчыбыз...

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити