Шлагбаумдан биз күткөн 214-микроавтобус аялдамага токтогону менен, туруп калды дем алып терең, дегенсип: “киргиле, батасыңар кенен”.

 

Айдоочу аарчып коюп мойнундагы терди, токтоп туруп калган себебин бизге төмөндөгүчө айтып берди:

 

- Маршруткамдын кайсыл тараптарда жүрө тургандыгы тууралуу табличканын кыргызча өзүм жазган эмесмин каалап, жогору жактан кылышкан болчу талап. Тилекке каршы, “Автобекет”, “Чыгыш-5” дегенди кыргыздар эле түшүнбөй мукуратып атат. “Автовокзалга, восток-пятка барбай калдыңарбы?”- дегендерге башым катат.

 

Ошонун кесепетинен жүргүнчүлөрүм азайып, планым да толбой жатат. Мына, айла жок, кыргызча табличканы кайрадан орусча табличкага алмаштырат окшойм. Эми кыйнашса да ушул ойго эле токтойм.

 

Айланайын кыргыздар, жетимиш жыл бою эне тилибизге жолтоо болду деп коммунисттик партияны күнөөлөдүк эле. Азыр бизге ким тоскоолдук кылууда? Кана, ким? Билсеңер, айткылачы! “Койлор койчо маарашат, уйлар уйча мөөрөшөт”- деген мааниде жазылган Байдылда Сарногоевдин ыры бар эмеспи. Өз эне тилибизди койлор менен уйларча да сыйлай албагандыгыбыз өкүнүчтүү.

 

 

Орозбек Бөрүгулов, Булак: “Майдан. kg” гезити