Ушундай аталыштагы теледолбоор ЭлТРде жыл башынан бери көрсөтүлүп келе жатат ай сайын. Улам кызыгып, кийинкисин күтүп жатабыз ансайын. Себеби, таланттууларыбыз көп экен. Өнөргө бай элибиздин төгөрөгү төп экен.
Буга окшогон долбоорлор, албетте, мурда да болгон. “Чыныгы таланттууларды эл арасынан сууруп чыгарат экен”- деп үмүттөндүрүп койгон. Тилекке каршы, ал долбоорлордо акча биринчи планга, талант экинчи планга коюлгандыгы кийинчерээк байкалды. Президентибиз белгилеген “Тарых жана маданият жылы” дегенди “жөн эле” пайдаланып жаткандарга баштарыбыз чайкалды. Албетте, уюштуруучулары “а” дегенде ишти жакшы башташкан, бара-бара акчалууларга гана басым ташташкан. Эки саатка жетпеген концертке 30дай ырчыны катыштыруунун зарылчылыгы барбы? Деги уюштуруучуларда ар барбы? Мисалы, филармонияга элибиз атагы чыккан жылдыздарды да көрүү үчүн араң келип жаткан заманда таңууланып берилген билеттерди тааныштарыңарга бекер таратып, же туугандарыңды гана көрүүчү катары каратып, ири суммадагы акчаны нары карап ыйлап – бери карап күлүп жатып өз чөнтөгүңдөн төлөгөнүң аз келгенсип, убакыттын тардыгынан бир гана ырды аткарып чыкканга мүмкүнчүлүк алсаң, кантип ичиң ачышпай койбосун? (Муну акча алып жаткандар кантип ойлосун)!? Себеби, катышуучунун көптүгүнөн улам бирден ашык ыр аткарганга мүмкүнчүлүк берилбейт. Ушинтип олтурса эч кимдин таланты семирбейт.
)
Албетте, “Ырдагым келет ырдагым” теледолбоорунун катышуучуларына ийгилик каалайбыз! Уюштуруучулары ар бир талантка астейдил мамиле кылса, алардын эмгегин эрте-кечтир биз баалайбыз!
Орозбек Бөрүгулов, Булак: “Майдан. kg” гезити