Саясатчы Ахматбек Келдибековду президенттик шайлоого катыша албай турганын айрым маалымат каражаттары Жогорку соттун маалыматына таянып жазып чыгышкан.
Жогорку сот Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында алына тургандыгын, соттолгон жарлыгы менен жаран шайлоого талапкер боло боло албастыгын билдиргени айтылган.
«Азаттыкка» Ахматбек Келдибеков маек куруп, анда мыйзам боюнча талапкер болууга укугу бардыгын белгиледи.
«Саясатчы болгондон кийин баарын эсептеп, эки – үч кадам алдыга жүрбөсөң болбойт. Мен мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого катышуу укугум бар экенин билгендиктен, бул чечимге келгем. Андыктан, мени талапкерлик укугумдан ажырата алышпайт. Эгер, мыйзамды карашпаса, башка элдин колдоосуна таянабыз», - деген саясатчы.