«Супер. kg» порталы жазгандай, интернет аркылуу Россияга кеткен уулун издеген карыган эненин тилеги кабыл болооруна аз калды.

 

Эске салсак, карыган эне «Уулум, сени бир көрүп өлсөм арманым болбос эле, ата-жайыңды менин көзүм барында ээлеп кал», - деп кайрылган.

 

Россиядагы мекендештер эненин кайрылуусуна кайдыгер карабай, Замирбек Атамкуловду табышкан.

 

Бул тууралуу аталган порталга Россияда иштеген Аида Камбарова аттуу айым билдирген.

 

Айтымында, Замирбек Атамкуловдун документтери жок болгондуктан, Кыргыз диаспорасынын жардамы менен жасатылган. Ал эми билетти мекендештер акча чогултуп алышып, Екатеринбургдан Кыргызстанга кетчү автобуска салышкан.