Өкмөт өкүлү аталган жыйында Кыргыз Улуттук Электр тармактарынын энергетиктери жана Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алардын бардыгына кылым курулушунун жүрүшүнө активдүү катышууну тапшырды. Ал эми Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Рават айылынан курулуш үчүн керек болгон 80 миң чарчы метр жерди ажыратып берүү менен документтештирүүнү таздетүү тапшырмасын берди.
Баса, Исхак Раззаков көмөкчү чордону курулса, бүгүнкү күндө электр энергиясын кошуна Тажикстандан алып келген Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрү менен Лейлек районунун Маргун, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүн көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылат. Жалпы сметалык баасы 15 миллион долларды түзгөн, кубаттуулугу 110 квт, бул көмөкчү чордондон Арка массивине чейин 51 чакырым узундуктагы аба чубалгылары тартылып, Арка насостук станциясын да электр энергиясы менен камсыздайт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: "Майдан. kg" гезити