Кыргызстандын Жогорку соту Башкы прокуратуранын Zanoza маалымат агенттиги боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок.
Бул тууралуу журналист Нарын Айып билдирди.
Журналисттин айтымында, аталган маалымат агенттигинин түптөөчүлөрүнүн жеке мүлктөрү жок. Ошондуктан, камакка алууга ылайыктуу нерсе жок.
«Эми кайсы бир мүлк табылган учурда да камакка ала алышпайт. Ал эми эсеби камакка алынган», -деди Нарын Айып.