Коомчулукта акыркы убакта эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу темасы ооздон түшпөй калды. Ата-бабалардын эки эмес, төрттөн аял алган салтына таянып, шарияттагы эрежелерди көзгө сая көрсөткөндөрдүн күнү тууду. Бирок, ал учурдун эркектери такыр башка болгонун билгилери келбейт.
Бир таанышым «Эки аял алуу мыйзамдашса эле, экинчи аялды алып, отургузуп коем», - деп алаканын ышкалайт. «Экөөнү бирдей бага аласыңбы?» - деген суроого, көзүн алайтып, таң калып тиктеди: «Мен эле бага бермек белем, өздөрү да аракет кылышат да!»
Кыргыз эркектеринин басымдуу бөлүгүнүн ой-жүгүртүүсү ушундай болуп аткан заманда, эки аялды мыйзамдаштыруу каралбай калган кыргыз аялдарынын катарын калыңдатып, тирүүлөй жетим балдардын санын арбытат.
Аял эмнеге турмушка чыгат? Жанында таянычы болушу үчүн, адамзатынын башында ар кандай ысык-суук кездер бар, ошол убакта караан болуп турушу үчүн. Өз жанын өзү багып, кара жанын карч уруп, бирди экиге жеткирип, жашоосун уласа, дагы башка аял менен жыра талашып, жарым эркекке байланууга эмне кажет деп айткың келет. Кечирип койгула, жеке кызыкчылыгын ойлогон эркекти беш жүз грамм ашыкча эти үчүн ызы-чуусуна чыдап, жанында алып жүрүүнү каалаган аялдар аз болсо керек.
Балким, материалдык маселеге байланыштырбагыла, бул улуттун келечеги үчүн керек дегендер да чыгаар. Улуттун келечеги саны менен эмес, сапаты менен бекемделээрин билишибиз керек. Уйгур калкынын бир жакшы макалы бар: «Бышпаган ашкабакта урук көп».
Кыргыз кыздарынын кытайга, дагы башка улуттарга турмушка чыгып кетүүсүнүн алдын алып, эки аялды мыйзамдаштыруу зарыл деп кыйкырып аткандар да толтура. Бул жерде дагы бир нерсени аңдабадык: чет өлкөгө эр таппай калган эмес, жакшы жашоо издеген кыздар турмушка чыгат. Бир аялды эптеп бага албаган, бир аялдын көз жашын аарчып, көңүлүнө шам болуп күйүп бере албаган кыргыз жигитине экинчи аял болуп турмушка чыгып, жогоруда менин таанышым айткандай, өзүн өзү каржылап жашоодон көрө чет элде өмүр сүргөндү бийик коюшат.
Кыргызстанда байлар аз. Басымдуу катмар – орто турмуштун ээлери. Эки аялды камсыздоого мүмкүнчүлүгү жеткендер, эки аялдын азабына түтүүгө кайыл болгондор, эрте эле, мыйзамды күтүп отурбай, алчусун алып алышкан. Орто турмуштагы адекваттуу ой жүгүрткөн эркектер аялзатынын да көз жашынын убалы болоорун билип, мындай кадамга барууга дарамети жоктугун моюнга алышат. Тилекке каршы, «Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт» болуп, чама-чаркы чектелип турса да, жаңы аялдын коюнуна кирүүгө ашыккандар да жок эмес. Эки аял алуу- ар күн сайын улам бир аялдын коюнуна кирип, бактылуу өмүр сүрүү эмес да. Материалдык жактан бардык чыгымын жонуна артуудан тышкары, эки аялдын жемесине чыдоо да керек. Маселени терең түшүнбөөндөр, калпагын асманга ыргытып, кош колдоп кубаттап атканына таң каласың.
Азыркы өнүккөн доордо эркектерден ашыра иштеп, эркектерден артык жанын баккан аялдар толтура. Аларга экинчилик эмес, биринчилик орун да мааниге ээ болбойт. Канчалык аялзаты жалгыз жүрбөшү керек деп шарият эрежелерине тууралап, кыйкырбайлы, заман өнүккөн сайын, аялдардын аң-сезими да алдыга жылды. Миң аракет кылсак да, эми аларды артка кайтара албайбыз.
Экинчи аялга мүмкүнчүлүгү бар айрым байлардын экинчисин, же орой айтканда токолун көрүп эле жүрөбүз. Жаш, чырайлуу, өзү теңдүү мыкты жигиттин багын ача турган кыздар. Жесир калып, же турмуштун ар кандай сыноолорунан улам балдарынын түйшүгүн жалгыз тарткан аялдар көп. Билими, жумушу, үй-жайы жок, коомчулукка жардам сурап кайрылган аялзаттарынын да учуратып жүрөбүз. Шариятта так ошондой аялдарга нике кыйып, түйшүгүн тең бөлүшүү эркектерге сооп деп айтылат. Эки аялдуулукту мыйзамдаштыраарыбыз менен ошондой жашоодон жалкыган аялдар күйөөлүү болуп эле жатып калат деген кепилдик барбы? Жок. Бары жапырт жашына, сулуулусуна, түйшүгү аз деп баласы азына, же жогуна чуркашаар. А сооп иш ооз жүзүндө айтылганы менен иш жүзүндө эгерим аткарылбайт. Айрым эркектер чындаса, солго жетелеген ит кумарын да «соопко» байланыштырып кое беришет.
Ушундан улам жыйынтык чыгаралычы, эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу менен аялдардын бактысы тоого айланып эле жатып калбайт. Мыйзамдуу биринчи аялы менен ажырашкан кээ бир эркектер балдарын бакпай эле таштап кетип атпайбы. Экинчи аял мыйзамдашкан учурда деле жадаган күнү этегин кагынып, басып кетет. Артынан аял турмак, мыйзам да кууп жете албайт.