Парламент жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кыргыз өкмөтүнүн мурда берген убадасын эске салды.
«Өкмөттүн кышка даярдык боюнча токтомунда Казакстандан көмүр алуу каралыптыр. 2017-жылдын бюджетин кароо учурунда өкмөткө «Кышка даярдыкка кыргыз өндүрүшчүлөрүнөн көмүр аласыңарбы?» - деп сураганыбызда, «Ооба, бул кышта кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн көмүрү колдонулат», - деп жооп беришкен.
Айтканыңарга качан турасыңар? Ошондо, ЖЭКке 380 миллион долларга модернизация жасалды деп айтышкан. Аны сомго которгондо 26 млрд. сом болот экен. Ошончо акчага модернизация жасатып алып, көмүрдү Казакстандан алабызбы? Кыргыз өндүрүшчүлөр болсо, көмүрүн сата албай жүрүшөт. Өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдобосок, экономиканы кантип көтөрөбүз? Өкмөт мындай саясат жүргүзө берсе, бюджетти кантип толурат, экономиканы кантип көтөрөт?» - деди депутат.