Парламент жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев БШКнын токтому мыйзамга каршы келээрин белгиледи.
«Кечээ БШК кабыл алган токтомунда президенттикке талапкерлерге бир топ чектөө киргизди. Ал чектөөлөр Конституцияга каршы келет. Ошондуктан, бүгүн аларды чакырып, маалымат алалы», - деп сунуштады.