Ал эл аралык террордук уюмдун өкүлү экени, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталганы айтылат 14-июнда таратылган расмий маалыматта.

 

Атайын кызматтын малымат катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, шектүү атайын уюштурулган террорго каршы иш-чарада колго түшкөн:

 

- Ал Кыргызстандын жараны. 2014-жылдан тарта эл аралык террордук уюмдун катарында жүрүп, Сириядагы калабага катышып, диверсиялык даядыктан өтүп келгени аныкталды.

 

Шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалды.