Жарандык активисттер Бишкектеги бак-дарактарды кыюуну токтотууну талап кылышат.
«Шаардык демилге» коомдук фондунун жетекчиси Раушанна Саркееванын маалыматына караганда, жарандык активисттер парламент менен президентке кат жолдошту.
Президенттин атына жазылган катка 704 адам кол койгон, ал эми парламентке багытталган катта 375 адамдын колу турат.
Катта:
«Бишкек шаарынын тургундары автоунаа жолун кеңейтүү үчүн бактар кыйылып атканына нааразы. Мэрия жолду кеңейтебиз дегени менен долбоор тууралуу толук маалымат жок.
Токтоналиев көчөсүндөгү акыркы окуя бийлик тургундардын пикирин укпай турганын, муну менен мэриянын аракети Кыргызстан мыйзамын бузуп атканын көрсөттү. Чак түштө биздин конституциялык укугубуз бузулуп атат. Биз, шаардыктар, аба менен дем алып, коопсуз шаарда, балдар үчүн ыңгайлуу, адам укугу менен мыйзам сакталган жайда жашагыбыз келет!»-деп жазылган.