Орусияда иштеп жүргөн көпчүлүк мекендештерибиз айдоочулук, такси кызматтарын аркалашат. Бирок  1-июндан баштап чет элдик айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу көпчүлүк жердештерибиз жумушсуз калуу коркунучуна кептелди. Мындай талап жеке менчик ишканаларга да тиешелүү болгондуктан, мындан ары ал жакта айдоочу болуп иштөө үчүн кайра экзамен тапшыруу керек. Чет элдик айдоочулук күбөлүк менен адамдарды ишке алган жумуш берүүчүлөргө 50 миң рублга чейин айыппул каралган. Ал эми  чет элдик жаран айдоочулук күбөлүктү мындан ары Мамлекеттик автоинспекциянын бөлүмүндө медициналык текшерүүдөн өтүп, бир теориялык жана эки практикалык экзамен тапшыргандан кийин ала алат. Ал эми кыргыз өкмөтү Орусияда жүргүнчү ташып иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын көбү өз убагында документтерин мыйзамга тууралап, орусиялык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алып алышкандыгын билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда Орусиянын 1995-жылы кабыл алынган “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына ылайык, өлкө ичинде жүргүнчү ташып ишкердик кылууга Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алгандар гана укуктуу деген норма быйыл күчүнө кирери 2013-жылы жарыяланганы айтылат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл