Илгертеден айтылып келе жаткан “Алладин” деген жомок бар. Анда сыйкырдуу килемге отурган каарман каалаган жерине килем менен учуп, каалаган ой-максаты ишке ашат. Көрсө, биздин заманда деле, азыркы бийликтин тушунда “Алладиндер” пайда болуптур. Болгондо да Оштун айтылуу мэри Айтмамат Кадырбаевдин кайсы бир курулуш объектинин ачылышында чаң, таш жерге кыпкызыл килемди таманына төшөтүп алып, трибунадан сөз сүйлөп жаткан учуру баарыбызды таң калтырды. “Оштун мэринин буту чаң жерди басса таманынан суук өтөбү?” дегендер да болду. Эмне, мындай “кылым курулушун” сөзсүз эле кыпкызыл килемди таш, топурактуу жерге төшөп, анан “алтын” сөздөрдү сүйлөш керекпи? Баса, курулуш демекчи, алардын, ошол эле Оштун мэринин кандай көпүрө куруп, анысы кантип урап атканы эл оозунда аңыз болуп айтылып жүрү. Же бизде ушунчалык эле килем көппү же чоңдорубуз ошончолук эле жерде баскысы келбей калганбы? Кыскасы, Айтмамат акенин бул жоругу бир кезде А.Акаев Баткендин жайлоосуна барганда ал райондун акими кошомат кылып, адам араң жете турган тоонун чокусуна жумшак диван жеткирген суперкошоматчылыгына окшошуп турат. Демек, коомубуз, тагыраагы биздин “алтын” баштуу чиновниктерибиз таптакыр өзгөрбөй, баягы эле бай-манап психологиясынан арыла элек турбайбы...

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл