Өткөн жумада Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды  жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Супара” этнографиялык комплексинде түштөнүү үчүн мамлекеттик казынадан 150 миң сом жумшалгандыгы коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Кызыгы, ал укмуш кымбат түштөнүүгө өкмөт башчы С.Жээнбеков өзү да катышкандыгы тууралуу маалымат ого бетер бүйүрдү кызытып жиберди. Көрсө, “бизди башкарат, инвестиция тартып, экспортту өнүктүрөт”- деген ачендиктер кара курсактын камы менен убара болуп жүрүшкөн турбайбы. Сыягы, социалдык тармактардагы ызы-чуу Сооронбай Шариповичтин өзүнө да жетсе керек, ал аталган агенттиктин директору Орозбеков Алымбекке катуу сөгүш берди. Мындан тышкары өкмөттүн маалымат кызматы С.Жээнбеков ал керемет түштөнүүгө катышпагандыгын билдирип, аталган агенттиктин чыгымдары жөнүндөгү маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзмөй болду. Ал эми бюджеттин акчасын курсакка жумшаган мекеменин башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу А.Акматалиевага тийиштүү бухгалтердик документтерди жасагандыгы үчүн  жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды. Деги, чет элдик конокторду тосуу, сыйлоо, белек берүү деген шылтоосу менен бюджеттин (элдин) акчасын жеп-ичмей дале токтой элек турбайбы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл