Эл аралык деңгээлде Ага Хан фонду катары таанылган тармак Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары эле Кыргызстанда билим берүү, коммерция багытында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Анын алкагында көп жылдардан бери Нарынга Борбор Азия университетин куруп, быйыл алгачкы студенттерди кабыл алган болчу. Ага Казакстан менен Тажикстандан да студенттер келип окушууда. Ошол БАУнун студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда жакында баскетбол мелдеши өткөрүлгөн. Бирок ортодо чыр чыгып, конок студенттер жергиликтүү жаштарды ызаланткан сөз айтып коёт. Намыстанган нарындык жаштар эртеси күнү көчөдө аларды кармап алып, “жообун берип”, айтор ага да канааттанбай, жаалданган топ университеттин имаратына чейин келишип, тизелетип кечирим сураганга чейин барышты. Ошентип аз жерден оюндан от чыгып кете жаздады. Баарынан да жаңжал басылгандан кийин да аны козуткандар, кайра ырбаткандар болду. Демек, бул жерде отко май тамызууну каалаган үчүнчү күчтөр да жокпу деген суроо жаралууда. Акыры облус жетекчиси А.Кайыпов, милиция, укук коргоо органдары ортого түшүп, арачалап жатып, тараптарды араң элдештиргенге жетишти. БАУнун өкүлү К. Сыдыбаевдин айтуусунда, облус башчысы жана жаштар келип, университеттин жетекчилиги менен жолугушушту. Келгендер "Кыргыз эли меймандос, тынчтыкты сүйгөн эл, кечирим сурайбыз" дешти. Университет тарап да муну туура кабыл алып, кечирим сурап, жаңжалга жол бербөө үчүн биргеликте иштешели деп сунуш беришкен.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл