Бишкектин Сары-Челек көчөсүндө 4 жаштагы баланы белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Милиция кызматкерлери ошол тегеректеги тургундардан сурамжылап, шектүүнү  табышкан. Ал 16 жаштагы өспүрүм болуп чыккан.

 

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, шектүү тергөө амалдары бүткүчө үй камагында калтырылды.

 

Жол кырсыгына кабылган кыз шаардык балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда. Бүгүнкү күндө акыбалы дурус. Ал нейрохирургия бөлөмүнө которулган.