Жогорку соттун маалыматына караганда, Ахматбек Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат.
«Бишкек шаардык сотунун чечими менен А. Келдибеков 10 миллион сом өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирилген. Бул чечим Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы чечими менен бекемделген. 2016-жылдын 8-ноябрында айып пул толугу менен төлөнгөн.
КР Кылмыш жаза клдексинин 76-беренесинин 3-бөлүм, 2-пунктуна ылайык, соттолуучу бир жылдык абак мөөнөтүнө чегерилген жазаны жеңилдетүү үчүн айыппул төлөп, аны менен абакка кармалуудан бошотулат. Ошондуктан, А. Келдибековдун соттолгондугу 2017-жылдын 8-ноябрында жокко чыгарылат», - деп билдирген Жогорку сот.