Бүгүн, 12-июнда, Биринчи май райондук сотуна абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун сот процесси болду.

 

Экс-депутат Садыр Жапаров: «Менин көтөргөн тоодой маселемдин алдында козголгон кылмыш иши чымындай эле болуп калат. Мен Кыргызстандан кубаласащар да кетпейм. Кылмыш жоопкерчилигинен качпайм», - деди.

 

Экс-депутаттын адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну сотко өтүнүч келтиришкен. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар ага тагылган беренелердин оордугун белгилеп, үй камагына чыгарууга каршы экендиктерин билдиришти.