ИИМдин маалыматына караганда, Бишкекте ушул жылдын беш айында 910 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1100дөй адам ар кандай жарааттарды алышкан. Ал эми 23 киши жол кырсыгынан набыт болушкан.
Белгиленгендей, жол кырсыгы көбүнесе автоунаалар жөө жүргүнчүлөрдү койуп кетүүсү менен коштолот.
Ошондуктан, кырсыктын алдын алуу максатында бүгүн ИИМ “Жөө жүргүнчү” деген аталышта рейд өткөрөт.