«Фергана. ру» сайты 11-июнда билдирүү таратты. Анда:

 

«Улугбек Бабакуловго козголгон кылмыш ишти тергөө аяктаганга чейин бул журналист менен кызматташууну токтотобуз. Башкалар журналист биздин сайтты аянтча катары пайдаланып, өз кызыкчылыгына колдонуп жатат деген ойдо калбашы, сотко басым көргөзүү катары кабыл алынбашы үчүн ушундай кадамга бардык», - деп жазылган.

 

Эске салсак, журналисттин аталган сайта жарыяланган макаласын «улуттар аралык касташууну коозутуу максатында жазылган» деген коомчулук нааразы болгон.