Маалыматка караганда, 3 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу табылды.

 

Эске салсак, 10-июнда Ылдыйкы Ала-Арча айылында «Хондо Хит» үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкка келатып, 3 жаштагы кызды сүзүп кеткен жана окуя болгон жерден из жашырган.

 

Кичинекей кыз оор абалда комага түшкөн.

 

Айдоочу ошол эле күнү кармалган. Патрулдук милиция Башкармалыгынын кызматкерлери аталган айылдын бардык тургундарын, анын арасында жащ балдарды да суракка алышкан. Алар жеке менчик үйлөрдүн бирине кирген талкаланган автоунааны көрүшкөнүн айтышкан.  

 

Кийин белгилүү болгондой, айдоочу автоунаасын үйүнүн гаражына жашырган. Ал 16 жаштагы өспүрүм, ошол айылдын тургуну болуп чыккан. Автоунаа анын апасына таандык болгон, а өспүрүм аны тийиштүү документсиз айдаган.