Редакциябызга республикабыздын эң алыскы аймагы болгон Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын жарандарынын төмөндөгүдөй мазмундагы катын Аскат Тейит аттуу окурман бизге жолдоптур. Анда Ош-Исфана жолунун экинчи бөлүгүн курууда иштеп жатышкан жергиликтүү жарандардын укугу бузулгандыгы айтылган. Баарынан өкүнүчтүүсү, жергиликтүү кыргыздарды кул катары санаган кытай компанияларынын “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген” жоругуна кыргыз бийлиги да унчукпай отургандыгы болууда. Эмесе, катты өзгөртүүсүз беребиз.

 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, ташы талканы чыккан жолдорду эптеп септеп жамачылап келсе, эл аралык банктардан жана Кытай насыясынан жолдорубузду салып келгенибиз эч кимге жашыруун эмес. Ош-Исфана жолунун экинчи этабы аталган Исфана-Сүлүктү-Кольцо-Кайрагач жолун салып жаткан ”Шинжан Бейшин” ишканасы жергиликтүү элди жумушка алып, а дегенде жумуш убактысы Эмгек кодексине ылайык сегиз саатка эсептелип, айлык акысы 13500 сомго өлчөнөт. Бир ай убакыт өтпөй момун элдин момундугун, жооштугун байкаган кытай атуулдары 15 саат иш убактысын айтып, каалабагандар жумуштан кете берүүсүн эскерткендигиден улам 2-июнь күнү өз өлкөсүндө кор болгон жумушчулар өз талаптары менен Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев айылында жайгашкан кытай ишканасынын кеңсесинин астында тынчтык митингке чогулуп, өз талаптарын коёт. Баякы эле өз эли өрттөнүп кетсе да кабар албаган бийлик өкүлдөрү келбегенден улам, менин жердештерим мага ачуу жана чындык кат жазыптыр (лейлектик жердештерим кандай жазса, өзгөртпөй берүүнү туура көрдүм).

 

“- Биз жол куруу фирмасында иштеп, күндүн мээ кайнаткан ысыгына, жааган жамгырга карабай 8 саат иштеп келгенбиз. Биз “оорудук, кыйналдык”,- деп ушул кезге чейин эч бир жерге кайрылган эмеспиз.


1-июндан тартта өздөрүн Кудайдан кийин эле койгон кытайлар бизге “15 саат иштейсиңер” деп талап коё баштады. Аргабыз кетип 2-июнь күнү иш таштоо кылып, аларга же бизге эмес дегендей, жумуш убактыбызды он эки саатка узартууга макул болдук. Сага кайрылганыбыздын бир себеби, биз митинг өткөрсөк бир да жергиликтүү жетекчи келип, бизден кабар албады.

 

Сенин жазгандарыңды кээде окуп калабыз гезит, интернеттен. Кечээ эле Икрам ава жөнүндө туздап жазыпсың. Ава, тагаңа айтчы, бизден да кабар алсын. Өзү келип текшербесе да бир жакын тууганын жарым саатка биз менен иштегенге жиберсинчи. Карапайым эл күндүн кайнагына карабай кантип иштегенин, кытайлардын мамилесин көрөт эле.

 

Аскат, бизде өзу мамлекет барбы, биз кыргыз мамлекетинде жашайбызбы же кытайдын колониясыбызбы?.. Сен билсең керек, Россияда миң орус паспорт алсаң да орустардан аз айлык аласың. Биз өз мамлекетибизде укугубуз корголбой жаткандан улам сага жаздык. Балким, чоңдор окуп калса бизди да бир ойлоп, мыйзамдуу талабыбызды ишке ашырып калар деген үмүттө.

 

Билебиз, Кытай карыз берип жол салынып жатат. Бирок ошо кытайдын пулун кайтарып, сен, мен Кыргызстандын жарандары төлөсөк керек?


Бир сураныч, биздин атыбызды жазбай эле кой. Анткени өткөндө коммунизмдик Бейшен аваңдын атын жазып койгон экенсиң, алар аябай чочулашты. 

 

Бизди угуп, чындыкты билгиси келсе, биз иште болобуз, болгон чындыкты айтып беребиз. Сен болгону биздин абалыбызды чоңдорго жеткирсең болду….”.


Мына, мекендешим, биз деги кайда баратыбыз, өз өлкөбүздө өз укугубуз корголбосо? Ажонун кудасы Алымбай Султанов парламент трибунасында ачуу чындыкты айткан эле:

 

 “Мамлекетибизге инвестор келди деп кучак жайбай, талап-шартыбызды айтабызбы же алардын талабын угабызбы?”.

 

 

Аскат Тейит, Булак: "Майдан. kg" гезити