Мында балдар “Менин шаарым” деген темада Ош калаасынын сулуулугун даңазалап, аны ар кандай өңүттө чагылдырышты.
- Жалпысынан “Менин шаарым” сынагына 75тен ашык Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы мектептерде окушкан уул-кыздар абдан активдүү катышышты. Биз жеңүүчүлөрдү аныктоодо бирине дагы дегеле жан тарткан жокпуз. Буга иштин көзүн билген жалаң гана кесипкөйлөр калыстык кылышты, - деди жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып жатып Ош шаардык Кеңешинин төарагасы Жапарбек Ормонов.
– Дал ушундай бүйүрдү кызыткан сынактар мындан ары дагы улантылмакчы. Мунун өзү окуучулардын рухий табитин өстүрүүгө өбөлгө жаратаары шексиз. Чындап эле сүрдөдүк. Бирок, талантыбызды элге билдирүүгө ыңгай жаралды. Баары калыс өттү го деп турам, - дейт жеңүүчүлөрдүн бири Диана Бакыт кызы.
Баса, балдардын эл аралык күнүнө арналган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүнө балуу белектер тапшырылды. Ушул эле күнү Ош шаарынын мэриясы балдарга адаттагыдай бекер балмуздак таратып, ал эми калаадагы сейил бактарда акысыз оюн-зоок тартуулашты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары, Булак: «Майдан. Kg» гезити