Саясатчы Адахан Мадумаров поэзияга жакын экенин билдирди.

 

«Супер. kg» порталындагы түз маекте саясатчы «кээде үч күндө 4-5 ыр жазса, кээде 4-5 айда бир да ыр жазалбай калаарын» айтты.

 

Ырчы Жоодарбешимдин аткаруусундагы «Балапан» аттуу ыр Мадумаровдун калемине таандык. Ал бул ырдын жаралуу тарыхына мындайча токтолду:

 

«Бул ыр 1995-жылы жаралган. Ошол убакта депутат элем. Мамлекеттик завод-фабрикалары менчиктештире баштаган. Мен ага каршы болуп, чырылдап трибунада турганымда эч бир депутат уккан эмес. Азыр ал депутаттар белдүү кызматтарда отурушат. Айтканымды эч ким укпаганда жүрөктөн  ушул ыр саптары чыкты. Ошондогу «балапандар» бүгүн отузга чыгышты. Алды Түштүк Кореяда, арты Казакстанда иштеп жүрүшөт. Туулган жеринен, өз элинен жумуш таппагандыктан, чет элге кетишти. Кара сөздү балким, фантазиялаганга болоор, а ырды эч убакта фантазия менен жаза албайсың. Поэзия жүрөктөн чыгат», - деди саясатчы.

 

 

 

Балапан, ыйлабачы заманыңа,
Бүгүн да түшпөсө эт казаныңа.
Сен эмес, ата-энеңдин башы катты,
Боору жок бул турмуштун азабына.

 
Ыйлаба, айланайын, жаш канатым,
Көптөгөн азап чеккен кыргыз атың.
Түшүнөм, айткан менен жеңил болбос,
Колуңда турбаган соң майлуу наның.

Күлбөсөң, көңүлүңдү көтөрбөсөң,
Кубанып өз үйүңдө төрөлбөсөң.
Кантип мен айта аламын кыргызсың деп,
Кыргыздын жеринде да көгөрбөсөң.

 

Балапан, аман болуп, эр жеткенде,
Бактыңды таба албастан өз жергеңде.
Бабалар ушул күнгө калтырды деп,
Боз үйдө калбагайсың биз кеткенде.