Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кайсы бир жыйналышта аялдарга кантип жагынуу керектигинин ыкмасын айтып берди.

 

«Аял эгер сулуу болсо, абдан акылдуу экенсиң десең жагасың. А кокус, сырткы көрүнүшү анчейин болбосо, сен акылдуу  турбайсыңбы деш керек. А эгер сулуу да, акылдуу да болбосо, кантип арыктадың деп айтуу жетиштүү», - деди.

 

Президенттин сөзүн жыйналышка катышкандар күлкү менен кабыл алышты.

 

Эске салсак, Нурсултан Назарбаевдин расмий жана расмий эмес үч аялы бар экени белгилүү. Ошондой эле казак президенти тууралуу көшөгө артындагы сүйүү мамилелери боюнча толтура аңыз кеп бар.