Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы теракт жасоону пландаштырган жанкечтилер тобун колго түшүрдү.

 

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 6-июнда терроризмге каршы иш чаранын алкагында эларалык террористтик тобунун М. А. аттуу  мүчөсү кармалган. Ал ошол убакта теракт кылууну пландап аткан.

 

УКМКдан билдиришкендей, М.А. мина-жардыргыч жана жанкечти катарында атайын идеологиялык даярдыктан өткөн. Ал эларалык террористтик уюмдун көрсөтмөсү менен жардырууну эл көп чогулган жерде жасамак.

 

 Кармалуучунун жашаган жеринен бир катар жардыруучу заттар жана экстремисстик адабияттар, видеоматериалдар табылган.  

 

Ага УКМКнын тергөө кызматы тарабынан бир катар беренелер боюнча кылмыш иши ачылды.