Коомдук иш-чаралардын биринде, сүрөттөн байкалып тургандай, курулуш жүрүп аткан аймакка келген мэрдин таманынын алдына калың болсун деп килем төшөп коюшуптур. Жылуу-жумшак килемде туруп, бажактаган мэр коомчулуктун катуу талкуусуна кабылды. “Хандай каада күтөм”- дегендер буга чейин да жемеге кабылганын мэр билбейт окшойт. Кезегинде Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов дагы Чүй облусунун 90 жылдыгын бегилөө салтанатында жааган жаандан жардамчысына кол чатыр көтөрүп, коргологон. Анысы сүрөткө тартылып, ал коомчулукка жарыя болгондон кийин терс пикирлердин көчкүсүндө калган.
Айтмамат Кадырбаев да эми минтип иши болбосо да, килеми менен эл оозуна алынды. Ош мэри такыр жерде он мүнөт тура албаган, назик неме окшойт.
Арстан Жолборсов, Булак: “Майдан. kg” гезити